Visa төлөм тутуму, BlockFi криптовалюта стартапы менен биргеликте насыя картасын чыгарат. Бул тууралуу BlockFi сайты кабарлады.
Картанын өзгөчөлүгү биткоиндер түрүндөгү кэшбэк болот, ар бир операциядан 1,5% кайтарылып берилет. Насыя картасы металл болот, жылдык кызматы 200 долларды түзөт.
Компания белгилегендей, алгачкы үч айда үч миң доллар сарптасаңыз, анда кардарга биткоиндер 250 долларга чегерилет. Азырынча карта Америка Кошмо Штаттарында гана иштейт, бирок стартапта жакын арада өлкөлөрдүн саны көбөйтүлөт деп айтылат.