14 - февралда КР Улуттук банкы ортомөөнөттүү казына облигацияларын жайгаштырууну пландоодо. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы кабарлады.
Жайгаштырылган мамлекеттик кыскамөөнөттүү облигациялардын көлөмү 5 пайыздык купондук ставка менен 400 млн сомду түзөт.
Купондорду төлөөнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын февралында болот.