Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктайт

10.02.2020, 10:00 Акчабар
Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктайт

Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралында бүтөрүн эскертет. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

«Буга байланыштуу ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктү 2020-жылдын 15-февралына чейин алмаштырууну суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М.Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу