Ноябрдын акыркы эки жумасында көмүрдүн бир тоннага болгон баасы октябрь айына салыштырмалуу 126.38 сомго (2.8%) өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
14-ноябрга карата берилген маалымат боюнча Кара-Суу шаарында 1 тонна көмүргө болгон орточо баа - 8.4 миң сомду, Баткен облусунда - 7.4 миң сомду, Ноокат районунда - 7.2 миң сомду түзөт.
Минималдуу чекене баа Чаек айылында катталган. Анда бир тонна көмүрдүн баасы - 2.5 миң сомду түзөт. Нарын шаарында - 3.5 миң сом, Балыкчы шаарында - 3.6 миң сом турат.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, көмүрдүн баасы сентябрь айынан бери 370 сомго же 8,5% өскөн.