Уланбек Калманбетов министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
2018-2020-жылдары Калманбетов архитектура жана техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.