"Бай-Түшүм" банкынын аткаруу органынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Уланбек Шамкеев банктын башкармалыгынын курамына кирди.
Ал буга чейин "РСК Банктын" башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары, ошондой эле "Ишеним кредиттик бюро" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.