Улуттук банк аймактагы тургундарга каржы сабаттуулугун үйрөтөт

17.05.2023, 14:05 Акчабар
Улуттук банк аймактагы тургундарга каржы сабаттуулугун үйрөтөт

22-майдан 7-июнга чейин ЕККУнун (ОБСЕ) каржылык колдоосу менен Улуттук банк Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарында жаштар жана чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды уюштурат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Белгилеп кетсек, кечээ, 16-майда Кыргызстандын калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча экспресс курстун тренерлери үчүн тренингдин экинчи этабы аяктады.

Буга чейин Улуттук банк жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчилиги астында “Кыргызстандагы региондук өнүгүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында эксперттер тобу чоңдорго арналган каржылык сабаттуулук боюнча экспресс курс иштеп чыгышкан. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу