Кыргызстандын Улуттук банкы «Айыл-чарбасын каржылоо - 8» долбооруна катышкан банктарды каржылоо максатында 26-мартта аукцион өткөрөт.
Аукционго каржы министрлиги менен биргеликте жалпысынан 2 млрд сом жайгаштырылат. Минималдуу арыз 20 млн сом, максималдуу - 450 млн сом 5% менен берилет.
Эске сала кетсек, бул «Айыл-чарбасын каржылоо - 8» долбоору алкагында коммерциялык банктарды каржылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан төртүнчү насыя аукциону.