Улуттук банк COVID-19 пандемиясынын терс таасирин азайтуу максатында коммерциялык банктарга насыя берет. Бул тууралуу регулятор билдирди.
Белгилей кетсек, насыя улутутк валютада берилет. Банктар төмөнкө максат менен бул насыяны ала алышат:
COVID-19 пандемиясынын терс таасирин азайтуу максатында;
Улуттук банк насыяны 5 пайыздык чен менен берет.
Андан сырткары, Улуттук банк алган каражаттарды төмөнкү иштерге жумшоого тыюу салат:
- Валюта рыногундагы операцияларды жүргүзүүгө;
- Баалуу кагаздар рыногунда;
- Мамлекеттик баалуу кагаздарды жана КР УБ ноталарын сатып алууга.