Улуттук банк бүгүнкү күндөн тартып Terem PAY төлөм компаниясынын айрым кызматтарды көрсөтүү боюнча операцияларын убактылуу токтотту. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.
- компаниянын төлөм системасынын, иштетүү, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү жөнүндө финансылык маалыматты алуу, иштеп чыгуу жана берүү (иштетүү, клиринг) жөнүндө;
- маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөө тутумдары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, алардын ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алуу жөнүндө.