29-апрелде Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция менен валюта базарына чыкты. Бул тууралуу регулятор билдирди.
Сомдун кунун кармап калуу үчүн Кыргызстандын Улуттук банкы 62 миллион 250 миң долларды сатты. Бул жыл башынан берки эң ири интервенция.
Эске салсак, бул Улуттук банктын апрель айындагы экинчи интервенциясы (биринчиси 1-апрелде болгон) жана ушул жылдын башынан берки алтынчы интервенция болуп саналат. Жалпысынан банк буга чейин 270 миллион 450 миң доллар саткан.