“Улуттук электр тармактары” 128 миллион сомго жаңы трансформаторлорду сатып алды.
Учурда 152 даана трансформатор компаниянын кампасына келип түштү. Дагы 89у ушул жуманын ичинде жеткирилет.
Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү жарык менен камсыздоонун сапатын жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат деп күтүлүүдө.