Улуттук госпиталда MРT кызматынын баасы 2 миң 100 сомду түзөт

28.03.2024, 10:43 Акчабар
Улуттук госпиталда MРT кызматынын баасы 2 миң 100 сомду түзөт

Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография кабинети, компьютердик томография жана ангиография кабинети бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

МРТ текшерүүнүн баасы 2100 сом. MРТ бөлмөсү 24 саат иштейт. Бейтаптар дарыгердин багыттамасы боюнча кабыл алынат. 

“Компьютердик томографиянын (КТ) баасы 1400 сом, ангиографиялык текшерүү 5 миң 828 сом (мээнин кан тамырларын текшерүү). Ангиографиялык текшерүүгө керектелүүчү материалдар бейтаптардын эсебинен”, - деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды атайын унаа менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы бар. Анын жол киреси саатына 826 сом. Чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, күйүүчү май чакырган тараптын эсебинен болот. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы кызматтардын баалары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылып, бекитилгенин кошумчалады.

Тэги: MRT кызматы коомдук саламаттык Улуттук госпиталь ангиография

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу