Улуу Британия кыргызстандык ишкерлерди «UK Fintech Week» саммитине чакырат

02.03.2023, 16:32 Акчабар
Улуу Британия кыргызстандык ишкерлерди «UK Fintech Week» саммитине чакырат

Улуу Британиянын Бизнес жана соода департаменти ушул жылдын 17-21-апрелинде “UK Fintech Week” жумалыгын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар бирикмеси билдирди. 

“Innovate Finance Global Summit- 2023” каржы кызматтарынын жана “FinTech” экосистемасынын мыкты өкүлдөрүн учурдагы жана жакынкы жылдарда бул тармактагы орчундуу маселелерди талкуулоого чакырат. Делегаттар үчүн билеттин баасы салыктарды эске албаганда атайын £350 ( негизги баасы £1650) турат. 

“UK FinTech” жумалыгы “Innovate Finance” менен биргеликте, Улуу Британиянын мамлекеттик департаменттери жана Лондон шаары менен өнөктөштүктө өткөрүлөт.

Иш-чара эки негизги блоктон турат: 

  • Инновациялык финансы глобалдык саммити (IFGS) 17-18-апрелде болот.
  • Улуу Британиянын өкмөттүк иш-чаралары 19-21-апрелде өтөт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу