Бишкекте “Унаа” мекемесинин аймактар аралык бөлүмүндө дагы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин “Унаа” ММнин Аймактар аралык бөлүмүндө дагы айдоочулук күбөлүк берүү кызматы ишке кирди.
“Транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгүн берүү мамлекеттик кызматын дем алыш күнү тез жана кезек күтүүсүз алуу үчүн “РИОМ” унаа базарынын аймагында жайгашкан “Унаа” ММдин Аймактар аралык бөлүмүнө кайрылууга болот”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жоголгон айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү же алмаштыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: