Өткөн жумадан тарта Кыргызстандын Улуттук банкынын аффинаждалган куймалары өсүүгө багыт алды. Ошентип, 4-февралдан 9-февралга чейин өлчөнгөн куймалардын унциясын кайра сатып алуу баасы 1,62%га же 30 долларга жогорулады.
Алсак, 9-февралда кайра сатып алуунун баасы 160 миң 224,5 сомду түзсө, 4-февралдагы 157 миң 664,5 сомду түзгөн. Ошол эле учурда алтын куймасынын унциясын 162 миң 627,5 сомдон сатып алууга болот.