Улуттук банктын 11-июлга карата алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 174 миң 385,5 сом деп белгиленди.
Бир күн мурда көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 174 миң 346 сомго сатып алган. Ошентип, бир күндүн ичинде баа 0,02% га жогорулады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 177 миң 1 сомдон сатып алууга болот.