24-августка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу 172 529 сом деп белгиленди.
Кечээ көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 174 миң 677 сомго сатып алган. Ошентип, бир сутка ичинде баа 2148 сомго, же 24,36 долларга кымбаттады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 177 миң 297 сомдон сатып алууга болот.