Кыргызстанда таза куйма алтындын баасы, үстүбүздөгу жылдын 19-июндан 24-июнга чейин 52.9 долларга же 966.5 сомго кымбаттады. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, унциянын баасы бүгүнкү күндө 150 миң 190 сомду түзүудө. 19-июндагы баасы 146 миң 223.5 сом болчу. Кайра сатып алуунун баасы 52.1 долларга же 3 миң 908 сомго кымбаттаган.