Бишкекте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын энергетика тармагы үчүн сатып алган 128 даана эсептегич приборлорду (акылдуу эсептегичтер) жана 104 даана интернет-модемдерди тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабдуулар “Power Central Asia” флагмандык энергетикалык долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилди. Анын алкагында USAID өлкөнүн энергетика тармагындагы негизги кызыктар тараптарга жигердүү колдоо көрсөтүүдө.
“Бул долбоор 39 млн. долларды түзгөн, беш жылдык аймактык энергетикалык программа Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу Борбордук Азия өлкөлөрүнө улуттук энергетикалык артыкчылыктарга жетишүүгө, энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга жана аймактык байланышты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта.