Июнь айында Кыргызстанда бензиндин кымбатташы уланып, дизель майы арзандаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, АИ-95 ай башынан бери 1,32 сомго — 60,22 сомдон 61,54 сомго кымбаттады. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,43 сомго - 54,73 сомдон 56,16 сомго кымбаттады. Дизель майы 59 тыйынга — 71,62 сомдон 71,03 сомго арзандады.
"Былтыркыга салыштырмалуу бензин 4,3 жана 5,97 сомго арзан. Дизель майы 2022-жылдын июнь айынын ортосуна караганда 6,34 сомго кымбаттады", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын баасы июнь айында 2,5-3 сомго көтөрүлөрүн эскерткен.