Президент: Жол тармагындагы эң ири долбоор — бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу

02.12.2019, 10:50 Акчабар
Президент: Жол тармагындагы эң ири долбоор — бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат», — деп билдирди  Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда.

«Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Буга байланыштуу эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизге мүмкүн болгон бардык багыттардагы транспорт-транзиттик коридорлорду өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков аймактагы оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртууну же тараптардын аймактары боюнча транзиттин тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.

«Кыргызстанда жаңы жолдорду куруу, азыркы жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен транзиттик потенциалды жогорулатуу актуалдуу. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 13 магистралдык автоунаа жолдорунда курулуш иштери жүрүүдө. Жол тармагындагы эң ири долбоор — бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Европа жана Азиянын ортосундагы өз ара байланыштыруучу көпүрө катары аймактын транзиттик дараметин сезилээрлик жакшыртат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: Китай Кыргызстан Узбекистан железная дорога Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу