Сентябрда эки коммерциялык банк жана бир компания уставдык капиталдарын кошумча акциянын эсебинен толукташкан. Бул тууралуу Кыргыз биржа фонду маалымдады.
ААК «Айыл Банк» уставдык капиталын 97.1 млн сомго толтуруп, 15-акциясын жайгаштырды.
Бул учурда «Кыргызстан» банк 220.7 млн сомго 21-жөнөкөй акциясын жайгаштырды.
Кошумчалай кетсек, «Голден Дринкс» өндүрүүчү компания 75.1 млн сомго 3-акциясын жайгаштырды.