Өзбекстан туризм жаатында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 4 - орунга ээ болду. Бул тууралуу Independent басылмасы билдирди.
2019 - жылы Өзбекстанга келген туристтердин саны 27.3% көбөйгөн. Ал эми Казакстанда жогорулап, рейтингдин 20 - баскычына чыкты.
Биринчи орунда Мьянма өлкөсү турат. Бул өлкөгө келген туристтердин саны 40.2% көбөйгөн. Андан соң Пуэрто-Рико жана Иран турат. Өзбекстан Черногория, Египет жана Вьетнам өлкөлөрүнөн дагы алдыга озуп чыккан.
Францияга 2019 - жылы 90 млн турист келип, туристтер эң көп каттаган өлкө катары белгиленген. Ал эми андан кийинки орунду Испания өлкөсү ээлеген.
Дүйнөлүк туристтик уюмдун берген маалыматына ылайык, 2019 - жылы чет жерге саякаттаган жарандардын саны 1.5 млрдга жеткен. Бул 2018 - жылга салыштырмалуу 4% көп болгон.