Өзбекстан таштан кагаз өндүрүп баштайт. Буга өзбек Президенттинин «Курулуш материалдарын өркүндөтүү»-деген жарлыгы себеп болгон деп жазып чыкты «Новости Узбекистана» маалымат сайты.
Таштан кагаз жасоого жооптуу болуп Экономика министрлигине тагылган. Бул ноу-хауну изилдеп башташты. Эми министрлик инвесторлорду тартып, керектүү таштарды казууну пландаштырып баштады.
Таштан жасалган кагаз бышык болуп, суу өткөрбөйт. Ал карбонат кальций менен полиэтилендин төмөнкү басымында HDPE жасалат.Ал кагазга альтернативка катары плакат, китеп, журнал, пакет, таңгак, туш кийиз, этикетка, идиш-аяк, сыяктуу бир ирээрт колдонуучу каражат катары чыгарыла.
бул технология 1990-жылдары эле ойлонуп табылып, «Taiwan Lung Meng Technology Co» чыгарып баштаган. Учурда 40 мамлекетте патентелип, «Rockstock», «Terraskin», «ViaStone», «Kampier», «EmanaGreen» соода маркалары менен белгилүү.