Өткөн жылы Кыргызстандан 90.5 млрд $ ашык каражат которулган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, бул ишкерлердин кошуна мамлекеттерден алып келип которгон каражаттары.
«2019-жылдын алты ай ичинде өлкөдөн сыртка 48.3 млрд $ которулган. Бизде банктар либералдык болгондуктан, акча которуу кызматы арзанга түшүшү мүмкүн. Ошон үчүн бизге Өзбекстандан келип акча которгондор көп. Бизге жакында эле бир ишкер бир ай ичинде 200 млн $ которгонун айтты», — деп билдирди премьер-министр.
Депутаттар өкмөткө мыйзамдуу, ири өлчөмдөгү каражаттарды кыйынчылык жок которууга мүмкүн боло турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.