2019-жылы өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн көлөмү 110 млрд сомдон ашкан

04.02.2020, 11:10 Акчабар
2019-жылы өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн көлөмү 110 млрд сомдон ашкан

2019-жылдын январь-декабрь айларында 110 млрд 485,1 млн сомго өсүмдүк өндүрүлгөн, өсүү темпи 102,6 пайызды түзгөн.

Былтыркы жылдын январь-декабрь айларындагы буудайдын иштетилгенден кийинки дүң жыйымы 2018-жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга көбөйүп, 1781,4 тоннаны түзгөн. Аны менен бирге  дандын түшүмү төмөндөгөнү байкалууда.

2019 - жылдын январь - декабрь айларында  арпанын дүң жыйымы 465,9 миң тоннаны түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 8,5 пайызга көбөйгөн, ал арпанын айдоо аймагынын 7,6 пайызга (206,4 миң гектарга) кеңейүүсүнө жана түшүмдүүлүгүнүн гектарынан 22,4 центнерден 22,7ге чейин жогорулашына  байланыштуу.

2019-жылы жүгөрүнүн аймагы 106,4 гектарды түзгөн, бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга көп. Жүгөрү данынын дүң жыйымы 711,8 тоннаны түзүп, 2018-жылга караганда 2,7 пайызга көбөйгөн. Түшүмдүүлүгү гектарына 66,1 центнерди түзүп, 6,8 пайызга өскөн.

Чанактуу дан өсүмдүктөрү 62,2 миң гектар аянтка эгилип, бул 2018-жылдын деңгээлинен 0,9 пайызга ашкан. Дүң жыйымы 108,6 миң тоннаны, ал эми түшүмдүүлүгү гектарына 17,4 центнерди түзгөн. Өндүрүштүн өсүү темпи 101,8 пайызды түзгөн.

Пахта өсүмдүгү 2019-жылы 24,4 миң гектарга айдалып, былтыркыдан 6,1 пайызга көбөйгөн. Дүң жыйымы 80,2 тоннаны түзүп, 2018-жыл менен салыштырмалуу 7,4 пайызга көбөйгөн. Пахта өсүмдүктөрүнүн өндүрүшүнүн көбөйүүсүнө 2017-2021-жылдарга кабыл алынган Кыргыз Республикасындагы пахта тармагын өнүктүрүү концепциясы көмөктөшүп жаткандыгы айтылууда.   

 

 

Тэги: продукция растениеводства итоги 2019 года

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу