2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы 83.9 млрд сом салык чогултуп, планды 100% толук аткарышкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, план 10.8 млн сомго ашыгы менген аткарылган.
Алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешеси - 128.1%
бирдиктүү салык - 120.5%
жер салыгы - 111.3%
кыймылсыз мүлк салыгы - 107.5%
киреше салыгы - 106.4%
кыймылдуу мүлккө болгон салык - 104.4%
ыктыярдуу патенттин негизинде - 103.7%
милдеттендирилген патенттин негизинде - 103.3%
жер казынасын пайдалануу боюнча - 103.2%
салыктык эмес булактардан - 130.2%
2020-жылы МСК 93.7 млрд сом салык чогултуусу керек.