Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарындагы 63 билим берүү тармагынын объектилерине, 9 саламаттыкты сактоо объектилерине, 7 маданият жана 60 башка социалдык объектилерге капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын басма сөз кызматы билдирди.
Вице-мэрдин айтымында, бул жылы бала-бакча, мектеп, жаңы медициналык мекемелер жана жолдорду куруу иштери пландалууда.
«Жерлер буга чейин жүргүзүлүп келген сынак аркылуу берилбейт, эми шаардыктар муниципалдык жерлерди бир гана электрондук аукцион аркылуу ала алышат», — деп жазылат маалыматта.