Былтыркы жылы “Манас” эл аралык аэропортунун Ош филиалы 2 миллион 339 миң 503 жүргүнчү тейлеген. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында маалымдалды.
Маалым болгондой, ички авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү ташуу 764 миң 128 адамды, эл аралык каттамдарда 1 миллион 575 миң 375 жүргүнчүнү түзгөн.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 33,6%га өскөн.
Ошондой эле, көрсөтүлгөн мөөнөттө 16 миң 616 рейс аткарылган. Анын ичинен ички – 6 миң 322, эл аралык – 10 миң 294.
2022-жылы компаниянын жүргүнчүлөрдү ташуу жалпы көлөмү 5,1 миллион адамдан ашкан.