Быйыл Балыкчы – Кочкор-Кара – Кече темир жолунун курулушу 30%га бүтөт

18.05.2023, 09:40 Акчабар
Быйыл Балыкчы – Кочкор-Кара – Кече темир жолунун курулушу 30%га бүтөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Балыкчы – Кочкор-Кара – Кече темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

"Бул стратегиялык долбоорду ишке ашыруу мамлекеттин приоритеттүү милдеттеринин бири болуп саналат жана өлкө президентинин өзгөчө көзөмөлүндө", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Өз кезегинде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев темир жолдун курулушунун учурдагы абалы жана жыйынтыктарына токтолду.

Белгилеп кетсек, биринчи этаптын алкагында 63 чакырым жолду куруу пландалып жатса, былтыр 5 чакырымы бүткөрүлгөн, быйылкы жылы дагы 15 чакырымын куруу пландалууда.

Мындан тышкары, темир жолду биргелешип курууга чет элдик компаниялар активдүү кызыктар болуп жатканы айтылды.

Ошону менен бирге долбоорду сапаттуу ишке ашыруу максатында "Балыкчы – Кочкор-Кара – Кече темир жолун куруу жөнүндө" министрлер кабинетинин токтому кабыл алынган.

Жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга биринчи кезекте өз багыттары боюнча зарыл тапшырмалардын талаптагыдай, өз убагында аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.

Тэги: новости Кыргызстана железная дорога Балыкчы-Кара-кече

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу