Быйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Анын алкагында 36 социалдык объектинин курулушуна 5,5 миллиард сом керектелет деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Анын айтымында, мындан тышкары жакын арада Кара-Балта шаарына асфальт-бетон чыгаруучу завод курууга 1 млрд сом бөлүнөт.
"Мен алар үчүн планды кечээ бекиттим. Алар жол техникасын сатып алып, завод куруп, өздөрү асфальт төшөп, райондун жолдорун оңдошот. Токмоктун жолдору да начар, аларга да завод курууга акча бөлүп, битум менен жардам беребиз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.