«Ысык-Көл» аэропортунда жүк терминалын ачуу пландалууда

11.07.2022, 17:09 Акчабар
«Ысык-Көл» аэропортунда жүк терминалын ачуу пландалууда

Жакында “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын башкы директору Манас Самидиновдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи Ысык-Көл облусунда жайгашкан аба майдандар тууралуу кеңири маалымат алып, аэробекеттердин иши менен таанышты.

Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизация жана жаңыртуу иштеринен өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат.

Мындан тышкары, “Каракол” аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Эске салсак, азыр аталган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жатат. Пландарга ылайык, объект 2023-жылдын аягында ишке берилет.

Иш сапар алкагында аймактык аэропортторго көңүл максималдуу түрдө бөлүнөрү белгиленди.

Тэги: аэропорт Иссык-Куль грузовой терминал ОАО "МАМ"

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу