BS Group Корпорациясы Манас Эл аралык аэропортунда ABDSIO Lab аталышындагы ПЦР лабораториясын ачты. Бул тууралуу корпорациянын төрагасы Пак Хе Рин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЦР анализ тапшыра алат жана анын жыйынтыгы бир сааттын ичинде даяр болот.
“Өлкөдөгү туристтик сезондун жакында башталаарын эске алганда, республиканын аймагында мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жагынан чоң мааниге ээ. Биздин милдетибиз - Кыргыз Республикасын COVID-19дон эркин өлкөгө айландыруу. Бул албетте, өлкөгө туристтик агымдын көбөйүшүнө шарт түзөт”, - деди Пак Хе Рин.