Алматы шаарында медициналык беткаптын жана антисептик каражаттардын өндүрүү көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу kapital.kz порталы билдирди.
«Бизде бир айда 3 млн беткап чыгара турган заманбап жабдык бар. Жакынкы күндөрү өндүрүштүн көлөмүн дагы көбөйтүп, чекене рынокту ата мекендик санитардык продукция менен камсыз кылып, ажиотажды максималдуу түрдө жок кылабыз», — деп айтты ишкерчиликти жана инвестицияны башкаруу мекемесинин жетекчиси Еркебулан Оразалин.
Жаңы жабдыкты сатып алуу өндүрүш көлөмүн, бир айда 8 млн даана беткапка чейин жеткирет.
«Шаардагы дарыканаларда беткап тартыштыгы болбойт. Андан сырткары, орто жолдогу алып сатарларга жол бербөө үчүн, өндүрүүчүлөр менен дарыканалардын ортосунда келишим түзүлөт», — деп кошумчалады Еркебулан Оразалин.