Апрель айында Бажы кызматы мамлекеттик бюджетке 8,8 млрд. сом которду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Бул сумма Каржы министрлиги белгилеген суммадан 46,8 млн. сомго көп. Муну менен план 100%га аткарылды.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке түшүүлөр 3,5 млрд. сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 165,4%ды түзгөн.