Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган цехтер ачылат

18.04.2024, 11:17 Акчабар
Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган цехтер ачылат

Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул багытта аталган министрлик айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкан-фермерлердин байланышын бекемдөө, агрокластерди өнүктүрүү, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө.

Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда өрүктү кайра иштетүүдө винттүү май пресс машинасы, конвекциялык кургатуучу шкаф, электрондук гигрометр, өрүктүн данегин өлчөөчү машина, өрүктүн данегин майдалоо үчүн машинасы, өсүмдүк майын тазалоо үчүн алкак чыпкасы көрсөтүлдү. Бул жабдуулардын орточо баасы 2-3 миң долларга барабар. Май чыгаруучу жабдуу, суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт.

"Бул долбоордун негизинде жергиликтүү багбандарга өрүктү отургузуу, өстүрүү, кам көрүү боюнча атайын окуулар өткөрүлүп, өндүргөн продукцияларын кайра иштетип кирешеге чыгуу үчүн чакан цехтерди ачууга жол көрсөтүлөт", - деди министр Бакыт Төрөбаев.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минводсельпром

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу