Баткен облусунда 606 млн. сомго авто жол салынууда

18.10.2019, 14:50 Акчабар
Баткен облусунда 606 млн. сомго авто жол салынууда

Үстүбүздөгү жылдын аягында Баткен облусунда «Көк-Таш — Аксай — Тамдык» автожолунун курулуш иштери аяктайт. 24.5 чакырым жолго - 606 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Маалыматка ылайык, «Көк-Таш — Аксай — Тамдык» авто жолунун 6.8 чакырымы  50 млн. сомго салынаары каралган. 

Каттамдын узундугу 6 чакырым келген тилкеси кеңейтилди. Учурда жолдо курулуш иштери уланууда. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин каттамды салуу иштери бүткөрүлүп, андан кийин ушул жолдон чоң жүк ташуучу транспорт каражаттарынын каттоосуна уруксат берилери күтүлүүдө. 

Мындан тышкары вице-премьер-министр Аксай айыл округунун «Бакай» участкасындагы ирригациялык системанын курулушу менен таанышты. Быйыл бул объектини каржылоого 50 млн сом каралган.

 

Тэги: автодорога

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу