Бишкекке Москвадан 425 кыргыз жараны учуп келди, алардын ичинде медиктер дагы бар

20.07.2020, 10:00 Акчабар
Бишкекке Москвадан 425 кыргыз жараны учуп келди, алардын ичинде медиктер дагы бар

19-июлда Кыргызстанга Москва-Бишкек маршруту боюнча «Аэрофлот – Российские авиалинии» авиакомпаниясынын борту  келип конду. Аны менен Орусиядан Кыргызстандын 425 жараны, анын ичинде 33 жашы жете элек бала кайтарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле рейс менен Кыргызстанга 21 медицина кызматкери учуп келгендиги айтылууда. Алар кесиптештерине бейтаптарды дарылоодо жардам көрсөтүүнү каалашкан.

«Борттогу отуруучу орундардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнөн улам жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМ өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Кыргызстанга кош бойлуу жана кичине балдары бар аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операциядан өткөн жана оор дарттары бар, кыйын жашоо шарттарына кабылган жарандар кайтып келди.  

Тэги: возвращение граждан Кыргызстан Россия авиарейсы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу