Россиядан 423 Кыргызстандын жараны кайтып келди

03.08.2020, 09:01 Акчабар
Россиядан 423 Кыргызстандын жараны кайтып келди

 2-августта «Манас» эл аралык аэрпортуна Москва-Бишкек багыты боюнча «Аэрофлот-Россия авиа каттамдары» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Россиядан 423 КР жараны кайтып келди, анын ичинде 41 жаш бала бар.

 

[news 26453]

Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар кайтып келишти.

Кыргызстанга КР жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон жолдорду издөө иши улантылууда.

Тэги: МИД КР кыргызстанцы авиасообщения Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу