Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагында 27-сентябрдан 28-сентябрга чейин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги “Эмгек рыногу боюнча евразиялык диалог” эл аралык форумун өткөрүүдө.
Форум Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегиясынын мүчөсү Бакытжан Сагинтаевдин, Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министри Нозим Хусановдун, Россиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов жана катышуусунда жогорку деңгээлде өтөт.
Форумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгек мигранттары туш болгон көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды айтышат. Алар ошондой эле Союздун өлкөлөрүндө эмгекчилердин жана алардын үй-бүлөсүнүн абалын жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгышат.
Форумдун алкагында төмөнкүлөрдү талкуулоо пландаштырылууда:
Иш-чаранын жыйынтыгында эл аралык форумдун катышуучуларынын сунуштарынын жана демилгелеринин негизинде иштелип чыккан резолюция кабыл алынат.