Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу маселелери талкууланды

06.12.2019, 12:15 Акчабар
Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу маселелери талкууланды

Бишкекте«Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары»аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттер, күч органдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Министр эң оболу коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү коррупциялык чөйрөнү жок кылуу, кызмат көрсөтүүдөгү бардык процесстерди автоматташтырып, адам факторун жоюу аркылуу баштоо максаттуу экенин белгиледи. Бул үчүн санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) кошулууну камсыздоо керек.

 «Бүгүнкү күндөгү коомдогу терс пикирлерди азайтып, реалдуу күрөш жүргүзүү үчүн ординардык эмес чечимдер талап кылынаарын айтмакчымын. Коррупциянын эң чоң душманы - бул айкындуулук, ачыктык, ошондуктан колдон келишинче бардык процесстерди автоматташтырып, жылчыктардын баарын жаап салышыбыз керек. Албетте, коомчулуктун пикири, жарандык көзөмөл эң негизги каражат жана жардам. Сиздер менен тыгыз кызматташтыкта гана бул жумуштардын өтөсүнө чыга алабыз»,-деди Исаков.

Иш чара «Коррупция көйгөйлөрүн жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоону изилдөө Борбор Азия институту» коомдук фонду, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.

 

Тэги: высшее образование коррупция круглый стол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу