Кыргызстанда балчылыкты өнүктүрүү маселеси каралууда

31.01.2024, 11:00 Акчабар
Кыргызстанда балчылыкты өнүктүрүү маселеси каралууда

Бишкекте “Кыргызстанда балчылык институтун өнүктүрүү” аттуу республикалык конференция башталды. Уюштуруучулар бул маанилүү иш-чара экенин айтып, союз маалынан бери өлкө аймагында мындай иш-чара өткөрүлгөн эместигин белгилешти. 

Конференцияда катышуучулар бал кластерин түзүү маселелерин талкуулашат жана ал Кыргызстандын бардык аймактарынан келген бал тармагынын өкүлдөрүнүн тажрыйбасы менен билимин бириктирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын жеке ишканалар боюнча кеңешчиси Жов О'Брайн USAID Кыргызстан менен 25 жылдан бери жигердүү кызматташып, экономикалык өсүшкө жетишүү жана калк үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча күч-аракеттерди багыттап келе жатканын белгиледи. 

Ал кыргыз балы дүйнөдөгү эң мыкты балдардын бири, анын даамы жана дарылык касиети көптөгөн өлкөлөрдө белгилүү экенин белгиледи.

Тэги: новости экономика Кыргызстана пчеловодство мед

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу