Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.
Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт.