Турак жайларды мыйзамсыз ижарага берүү фактыларын аныктоо боюнча рейд жүрүүүдө

21.08.2023, 11:59 Акчабар
Турак жайларды мыйзамсыз ижарага берүү фактыларын аныктоо боюнча рейд жүрүүүдө

Бишкекте турак жайларды жана коммерциялык жерлерди мыйзамсыз ижарага берүү фактыларын аныктоо боюнча рейд жүрүп жатат. "Акчабарга" маалыматын Мамлекеттик салык кызматы тастыктады.

Мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Тынарбек Кошматовдун айтымында, мындай рейддер аймактык органдар менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Рейд учурунда имараттардын болжол менен 20-25%ы мыйзам бузуулар менен ижарага берилгени, башкача айтканда, батирдин ээлери салык төлөбөгөнү же патентинин мөөнөтү өтүп кеткени аныкталууда.

Тынарбек Кошматов 2022-жылдын жети айында Бишкек шаарында турак жайларды ижарага берүүдөн 16 миллион 108 миң сом, 2023-жылдын ушул эле мезгилинде 20 миллион 327 миң сом чогултулганын айтты. Жыл ичинде ижаралык турак жайдан түшкөн киреше 4 миллион 219 миң сомго өскөн.

Кошумчаласак, ижара үчүн салыктар чарчы метрдин саны үчүн алынат. Көп кабаттуу үйдөгү турак жайдын бир чарчы метри үчүн 30 сом, жеке үйдө 40 сом, коммерциялык жайда 50 сом төлөш керек. Социалдык фондго чегерүү 2 миң 308 сомду түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана ГНС КР рейд сдача жилья

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу