Бишкекте ишкерлер үчүн «Бизнес-билим кербени» өтөт

20.03.2024, 13:57 Акчабар
Бишкекте ишкерлер үчүн «Бизнес-билим кербени» өтөт

Бишкекте салыктар боюнча “Бизнес-билим кербени” өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматтык жолугушуу 29-мартта болот.

Иш-чаранын темалары:

  • Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр;
  • чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдери;
  • кассалык машинаны колдонуу эрежелери;
  • электрондук кампаны жана ЭТТНны колдонуу эрежелери;
  • электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби;
  • ЭСФти каттоонун тартиби жана жол-жобосу;
  • салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча электрондук отчетторду өз алдынча берүү;
  • мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө мораторий жана жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү.

Белгилеп кетсек, буга чейин аталган иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлгөн.

Аны Экономика жана коммерция министрлиги JIA Бизнес Ассоциациясы жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте уюштурган.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минэконом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу