2020-жылдын 8 - январында ОсОО «Ц.» ишине карата сотко чейинки териштирүүдө, мамлекеттик бюджеттин кирешесине 93 млн 283 миң 936 сомго (казынанын региондук бөлумү аркылуу) толуктоо болду. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.
Андан сырткары, Бирдиктүү эсепке кошумча салыктан 50 млн сом төгүлдү. Компания бул каражатты салык кызматынан жашырып койгон. Жалпысынан Финансы полициясы чыгарган чечимге ылайык, мамлекеттин бюджетине 143 млн сом кайтарылды.
Учурда КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, КР Коопсуздук кеңеши 2018-жылдын 8 - февралында чыгарган «КР сот, көзөмөл жана укук коргоо органдары тарабынан коррупция менен күрөшүүгө актуалдуу иш-чаралар жөнүндө» чечимине ылайык жана КР президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун сактоо жана бюджетке келтирилген чыгымдарды ордуна кайтаруу идеясына байланыштуу иш алып барышууда.