Чүй облусунда күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жүргөндөр кармалды

04.11.2019, 10:32 Акчабар
Чүй облусунда күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жүргөндөр кармалды

КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, ушул жылдын 28-октябрында “Киров” суу сактагычынын жанынан  “Мерседес-Бенц” белгисиндеги жүк ташуучу унаа кармалган.

Аталган унааны караган учурда жүк салынуучу жеринен тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннадан көп (3 тонна 200 литр) күйүүчү-майлоочу материалдар (бензин-АИ92) менен толтурулган пластик идиштер табылган.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча акциздик топтогу товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган активдүү чаралар көрүлүп жатат.

 

Тэги: ГСБЭП ГСМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу