Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын дүкөндөрүнөн ар кандай контейнерлердеги жана аталыштагы тогуз миңден ашык бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Департаменттин маалыматы боюнча, алкоголдук ичимдиктерди сактоо жана сатуу учурунда акциздик маркаларды колдонуу эрежелери бузулгандыктан, алкоголдук ичимдиктер алынган.
"Бишкек шаарында сатуу максатында алынып келинген алкоголдук ичимдиктердин ири партиясын сактоо фактысы аныкталды, анда алкоголдук ичимдиктерде контр-этикетка жана стикер жок. Натыйжада бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн үч ишкердик субъектине 84 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Аламүдүн районунда алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү заводдордун биринде 2,9 миң даана көлөмүндөгү коньяк продуктуларына акциздик маркалардын жетишсиздиги аныкталды.