"Жалалабатэлектро" ААК майнинг-ферманын мыйзамсыз ишин аныктады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, майнинг-ферма Жалал-Абад шаарындагы "Автожол" ЖАКтын аймагында жайгашкан.
"Бул иш боюнча учурда тиешелүү органдарга тапшыруу үчүн материалдар даярдалууда", - деп билдирди "Жалалабатэлектро" ишканасындагылар.